"Мамлекеттик сатуу алуулар жөнүндөгү" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

21-01-2021 11:45

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бекешев Д.Д., Жапаров А.У., Масабиров Т.А., Райымкулов Б.К., Самигуллина А.Э., Тулендыбаев П.Р., Турусбеков Б.С. тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда кайра квалификациялоодон өткөн сапаттуу дары-препараттарды, медициналык буюмдарды жана жабдууларды БУУ уюмдары аркылуу тикелей сатып алуу ыкмасын колдонуу жолу менен эң төмөн наркта берүүнү камсыз кылуу боюнча шарттарды түзүүгө багытталган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 686

Окшош жаңылыктар