Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды

21-01-2021 11:51

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев мыйзам долбоору юридикалык жардамдарды алууга жарандардын конституциялык укугун камсыз кылууга жана мамлекеттин эсебинен жактоочу алууга талапкерлер адамдын статусун текшерүү системасын жакшыртууга менен ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоого багытталганын маалымдады. .   

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ушундай эле аталыштагы мыйзам долбоору да үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өкмөт тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн социалдык-экономикалык маанидеги стратегиялык объектилерди мамлекеттик колдоонун кепилдигин камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан мамлекеттер аралык келишимдердин шарттарын аткарууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 285

Окшош жаңылыктар