Бузуулар кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр добуш берүүгө жөнөтүлдү

21-01-2021 12:00

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев мыйзам долбоору салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн салык мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик чараларын белгилүү максатында иштелип чыкканын маалымдады.  

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 318

Окшош жаңылыктар