Жогорку Кеңеште 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланууда

21-01-2021 15:36

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев 2019-жыл үчүн республикалык бюджет кирешелер боюнча 97,6%га аткарылганын белгилеп: "Анын ичинен кирешелер Салык кызматы боюнча 97,6%га, Бажы кызматы боюнча 96,8%га аткарылган. Бул жерден айта кетчү жагдай, жыл ичинде бекитилген бюджетке карата Салык кызматы боюнча план 6,6 млрд сомго, Бажы кызматы боюнча 5,4 млрд сомго азайтылган. Бирок ага карабастан, план толук аткарылган жок", - деди.

Маалыматта айтылгандай, чыгашалар боюнча республикалык бюджет 92,2%га аткарылган. Ал эми корголгон беренелер 100% аткарылып, корголбогон беренелер толук каржыланган эмес.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев 2019-жылы салыктык киреше канчага бекитилип, кийин кандай өзгөртүлүп, анын канчасы аткарылганын сурады.

Өз кезегинде каржы министри Кыялбек Мукашев жалпы салыктык кирешелер 117,9 млрд сомго бекитилгенин белгилеп: "Кийин такталганы 108,9 млрд сом болгон. Ал эми аткарылганы 105,9 млрд сомго жетип, 97,3%ды түзгөн", - деди.   

Андан тышкары, депутат Улугбек Ормонов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда минералдык жер семирткичтерди ташуу боюнча түзүлгөн келишимге токтолуп: "Анда жылына 100 миң тонна деп жазылып турат. Анын 60 миң тоннасы селитра, 40 миң тоннасы карбамид экен. Ушул келишимдин аткарылышын Өкмөт быйыл толук көзөмөлгө алышы керек", - деди.

Ошондой эле депутат Айнура Осмонова тоо-кен тармагында иштеген компаниялардан бөлүнгөн каражаттар тууралуу кеп кылып: "Алардын көлөмү өтө чоң. Өкмөт берилген каражатты максаттуу пайдалануу боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатат?" - деп сурады.

Суроого жооп берген Кыялбек Мукашев Каржы министрлиги оператор катары эле кызмат кыларын, акчаларды жергиликтүү бийлик бөлүштүрөрүн белгилеп: "Бул жаатта тиешелүү иштерди мерчемдеп жатабыз" - деди.

Ал эми депутат Айнура Осмонова министрлик тоо-кен тармагында иштеген компаниялардан бөлүнгөн каражаттардын бөлүштүрүлүшүнө көңүлкош карабаш керектигин кошумчалады.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 815

Окшош жаңылыктар