Депутат А.Жапаров: "Жумуш орундарын түзүүдө Өкмөттүн аткара турган милдеттери арбын"

21-01-2021 15:51

“Пандемиянын маанайды пас кылган кырдаалында мигранттардын тагдыры бир топ татаалдашты. Бул бизде эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө орун алган орчундуу маселе болуп калды. Бери жагы биз миграциядагы 180 миңден 200 миңге чейинки мекендештеибизди чек ара маселелерин чечүү жолу менен жергебизге кайтарып алдык. Азыркы көйгөй алардын иш менен камсыздалышында турат”, - дейт депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 21 – январдагы “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Орус тилди мыкты билген кыргыз мигранттарына Россиянын иш камсыздоо жагынан талабы өсүп жаткандыгы жакшы. Алардын жол жүрүү жагдайын жакшыртып берүү милдети турат. Учактар мененби же темир жол аркылуубу? Бара турган жерлерине мигранттар коопсуз жетип алышы керек. Миграцияга гана жол ачуу эмес, жергебизде да жетиштүү жумуш орундарын түзүү маңыздуу маселе. Бул жагынан Өкмөт аткара турган көп жумуштар бар, - деди депутат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 927

Окшош жаңылыктар