Инклюзивдик билим берүүгө тиешелүү ченемдердин күчүнө кирүү мөөнөтүн Өкмөт аныктайт

25-01-2021 15:15

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 25 – январдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды. Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору майыптыгы бар балдарга билим берүү маселелерине арналган.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар атайын жатак мектептерде, үйдө олтуруп аралыктан окуу түрлөрүн колдонушат. 200дөй бала үйдө окуп жатканы менен алардын билимин текшерген талап орундалган жок. Кадимки эле мектептерде да мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарт түзүлүп, психологдор иштөөсү милдет”, - дейт депутат Д.Бекешев.

Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр өлкөдөгү оор социалдык – экономикалык абалды эске алуу менен республикалык бюджеттин чыгымдарын көбөйткөн ченемдерди алып салууга багытталууда. Ошондой эле инклюзивдик билим берүүгө тиешелүү ченемдердин күчүнө кирүү мөөнөтүн Өкмөт өзү аныктайт. Комитет да бул жагдайды туура көрө тургандыгын өз корутундусунда белгилеген.

Билим берүү министрлиги да мыйзамда каралган жагдайларга каршы эместигин билдирди.

Талкуу жыйынтыгында сунушталган мыйзам долбоору тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болуп, экинчи окууда жалпы жыйындын кароосуна жолдонду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 468

Окшош жаңылыктар