Депутат Айнура Аскарова: “Пандемияга каршы күрөшүүдө эл аралык донорлордун колдоосу жакшы”

27-01-2021 16:48

“Пандемиянын жалпы экономикабызга тийгизген терс таасирлери бир топ эле сезилээрлик байкалды. Мындай абалды бир гана Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү баштан кечирип, кырдаалдан чыгуунун аргасын издеп жатышат. Ушундай учурда өнүккөн өнөктөш мамлекеттер өбөк болуп өзгөчө колдоо көрсөтүүдө четте карап турган жок. Өкмөттүн берген маалыматтарына караганда, Кыргызстанга келет, - деген эл аралык донорлордун жардамы жалпысынан 774 млн. 432 миң доллар, - деп белгиленген. Бул боюнча атайын келишимдер түзүлгөн. Алардын 177 млн. 49 миң доллары грант түрүндө, калганы насыя катары берилет”, - деди депутат Айнура Аскарова бүгүн, 27 – январда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Эл өкүлүн айтымында, жогоруда каралган каражаттын 347 миллионго жакын суммасы мамлекетке келип түшкөн. Эми алар кандай тартип менен бөлуштүрүлүп, кандай сарпталды? Баардыгынын эсеби так маалым болушу керек. Жогорку Кеңеш бул багытта Өкмөттөн далилдүү жоопторду күтүүдө. Бул багытта иштеп жаткан ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгын жакын арада карайбыз, - деп кошумчалады А.Аскарова.  

Россия менен болгон сүйлөшүүлөрдө пандемияга каршы эмдөө процедураларына керектүү вакцияналарды өндүрүү иштери колго алынат. Бул багытта эки мамлекеттин ортосунда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат, - деди эл өкүлү.

Дарыгерлерге каралган компенсацияларды төлөөдө түшүнбөстүктөр орун албашы керек. Бул боюнча бизге кайрылып жаткан дарыгерлер көп. Алардын суранычтарын эске алып, мыйзам талаасында тактай турган ченемдердин бардыгын иретке келтирип жатабыз, - деген парламентарий айымдын маалыматтары менен Жогорку Кеңештин Фейсбуктагы баракчасынан да тааныша аласыздар.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1163

Окшош жаңылыктар