Депутат Айнуру Алтыбаева: “Аялдар – коомдогу зор күч!”

11-02-2021 14:22

Өлкө аймагындагы жергиликтүү кеңештердин 86сында бир да депутат айым жок. Ошондуктан, парламенттеги депутат – айымдардын форуму жергиликтүү кеңештердеги гендердик негизде каралган квоталардын 30%дан кем болбоосу шарт, - деген талапты кайра – кайра көтөрүп келе жатат. Кеңештерде айымдардын болушу социалдык маселелердин оңтойлуу чечилишине жардам берет. Бул тууралуу пикирин ортого салган депутат Айнуру Алтыбаева бүгүн, 11 – февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Маектин жүрүшүндө айтылгандай, эртең 12 – февралда депутат - айымдардын форуму кезектеги конференциясына чогулат. Ага аймактардан 120 делегат катышат. Жылыга өтүп келе жаткан конференциялардын тематикалары да ар кыл багыттарга арналат, - дейт эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1295

Окшош жаңылыктар