Жогорку Кеӊеште Аялдар форумунун «Азыркы учурдагы социалдык-экономикалык жүрүмдөр: көйгөйлөр, тенденциялар, келечек» темасындагы конференциясы өттү

12-02-2021 13:02

Жогорку Кеӊештин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын аялдар форуму тарабынан уюштурулган «Азыркы учурдагы социалдык-экономикалык жүрүмдөр: көйгөйлөр, тенденциялар, келечек» темасындагы конференция өттү. Иш-чараны Жогорку Кеӊештин депутаты Айнуру Алтыбаева алпарды.

Конференциянын ишине өлкөнүн аймактарынан келген аялдар, Жогорку Кеӊештин депутаттары, ошондой эле мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө гендердик саясат, аялдарды ишкердикке тартуу, пандемия учурундагы билим берүү тутуму, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздандыруу маселелери көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын аялдар форумунун башчысы, Жогорку Кеӊештин депутаты Айнуру Алтыбаева конференцияда өтө маанилүү маселелер талкууланып жатканын, Аялдар форуму социалдык жактан мааниси бар мыйзамдардын кабыл алынуу жүрүмүнө аялдардын тартылышына иштиктүү аянтча болуп санала турганын баса белгиледи.

«Мисалы, «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамды алалы. Мыйзамда айылдык кеӊештердеги аялдар үчүн 30 пайыздык квота каралган. Тилекке каршы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аялдар өтө аз тартылууда. Аялдардын күндөлүк турмушубуздагы чечимдердин кабыл алынуусуна жигердүү катышуусу социалдык теӊчиликтин орношуна түрткү бермек», - деп, ал аялдарды алдыдагы жергиликтүү кеӊештердин шайлоолоруна жигердүү катышууга чакырды.

Депутат Айнура Аскарова аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү, бул багытта мамлекеттик органдар менен коомчулуктун өз ара аракеттерин жалгаштыруу маселесине токтолду. Ал эми саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова катышуучулардын көӊүлүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу үчүн укуктук механизмдерди өнүктүрүү зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жосундары 60 пайызга көбөйгөн.

Иш-чара жүрүшүндө өлкө аймагындагы аялдар кеӊештеринин өкүлдөрүнө да сөз берилди. Алар жарандарды социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу, үй-бүлө институтун бекемдөө, аялдардын өмүрү менен ден-соолугун коргоо, аялдар менен балдарга карата жасалган баардык зомбулуктардын алдыналуу жана ага каршы күрөшүү маселелерин көтөрүшүп, өз сунуштамаларын мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерине тапшырышты.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2828

Окшош жаңылыктар