Тармактык комитет Айыл чарба министрлигин жазгы талаа жумуштарына ар тараптуу даярдыкты күчөтүүгө чакырды

15-02-2021 13:02

Бүгүн, 15-февралда  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология  жана аймактарды өнүктүрүү боюнча  комитетинин депутаттары Өкмөттүн 2021-жылдагы  жазгы талаа жумуштарына  даярдыгынын жүрүшү туураалуу маалыматын укту.

Маалыматты  КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков берди. Анын айтымында, азыркы учурда  Кыргызстандын нефтетрейдерлер  ассоциациясы менен  күйүүчү-майлоочу майларды үзгүлтүксүз алып келүү боюнча макулдашууга жетишилди. ”Азыр  айыл чарба өндүрүүчүлөрүн  күйүүчү майлар менен  камсыздоо 43,  үрөн менен камсыздоо 85, техника менен камсыздоо  90-95 пайызды түзөт. Ошондой эле Өзбекстан менен  100 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алып келүү боюнча  келишим түзүлдү, былтыркыдан калган 15 миң тонна жер семирткич бар”, - деди А.Жыныбеков.

Талкуунун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү  айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө  өз убагында колдоо көрсөтүүнүн, дыйкан чарбаларын  жер семирткичтер , үрөн жана  күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоонун  зарылдыгын белгилешти.

Депутат  Замирбек Эсенаманов   82 миң гектарга жакын  айыл чарба жерлерин саз басып,  шор каптап кеткенин, анын 69 миң гектары  Чүй облусунда экенин айтып, Айыл чарба министрлигин сууларды дренаждоо боюнча  иштерди тездетүүгө чакырды. Эл өкүлү андан тышкары, Чүй облусунун өйдүкү зонасында сугат жерлерди өнүктүрүү үчүн Чалдоварга чейин  Түштүк БЧК каналын куруу боюнча  ири инфратүзүмдүк долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү табууну сунуштады. Анын айтымында, бул долбоордун ишке ашырылышы 100 миң гектарга жакын жаңы жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет, бул болсо миграциядан келген калкты  иш менен камсыздоого  шарт түзөт.

Депутат Асылбек Жээнбеков  жаңы сугат мезгилине карата ирригациялык каналдарды  даярдоонун зарылдыгын белгилеп,  жыл кургакчыл келгенде  бул маселе өзгөчө актуалдуу экендигин белгиледи. А.Жаныбеков быйыл  ирригациялык каналдарды  ремонттоого жана тазалоого  162 млн.сом каралганын, анын 30 млн.сому каржыланганын  айтты. ”Калган сумма  2021-жылдын 1- майына чейин бөлүнөт”,- деди ал. Айыл чарба министрлигинин өкүлү Көкүмбек Таштаналиев ирригациялык каналдарды реконструкциялоо үчүн  650 млн.сом керек экенин кошумчалады.

А.Жээнбеков ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерди  инвентаризациялоо  маселене токтолуп,  анын жыйынтыгы кандай болгонун сурады. Айыл чарба министрлигинин жетекчиси  инвентаризация бүткөнүн айтып, эми ал Өкмөттүн тиешелүү токтому менен бекитилүүгө тийиш экендигин  маалымдады. ”Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча кошумча түрдө 94 миң гектар  сугат жана 2 млн. 204 миң  гектар жайыт  жерлер аныкталды”, - деди ал. Сөзүнүн соңунда А.Жээнбеков  республиканын  экспорттук потенциалына  тоскоол болуп жаткан майда товардуулук көйгөйүн чечүү үчүн  айыл чарба кооперативдерин ирилештирүү маселесин көтөрдү.

Комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков  фермерлерди жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо, ошондой эле лизингке техникаларды сатып алуу үчүн  каржы бөлүүнүн  зарылдыгы жөнүндөгү маселеге көңүлдөрдү бурду. Ал  Жогорку Кеңеш тарабынан жакында эле  үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо боюнча  мыйзам кабыл алынганын, быйылкы жылга анын  бюджети 53 млн.сомду түзөөрүн айтып, Айыл чарба министрлигин  бул мыйзамдын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чакырды.

Депутат Бейшеналы  Нурдинов  Өкмөткө малды сырт жактарга сатууга салынган тыюуну алып салууну сунуштап, токтом күчүн жоготооруна эки айдай  эле убакыт калганын, малчылар  өз малын сата албай чоң чыгымга дуушар болуп жатышкандарын  белгиледи. ”Мен бул маселени бир топ жолу көтөрдүм, Өкмөттүн өкүлдөрү өз чечиминин тууралыгын тыюунун алынып салынышы ички рынокто эттин баасынын кымбаттоосуна алып келет деп аргументтеп жатышат. Бирок, эттин баасы  450 сомдон араң эле 420 сомго түштү” , -деди Б.Нурдинов.

Талкуудан соң Комитеттин депутаттары   айыл чарбасын колдоого багытталган  беренелерди тезинен  каржылоо сыяктуу сунуштарды кошумчалоо  менен министрликтин маалыматын  эске алышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2053

Окшош жаңылыктар