Депутат Аида Касымалиева: “Переференциалдык шартта шайлоо ыкмасы – жакшы кадам”

17-02-2021 17:55

“Процедуралык жактан алганда Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору каттоодон өткөн соң, аны өзгөртүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, каттоого чейинки талкуунун, андагы айтылган сунуштардын мааниси абдан чоң. Эми болгону,  Констиуцияны кабыл алуу боюнча референдумдун качан өтө турган датасын гана аныктай алабыз”, - дейт Жогорку Кеңештин Төрага  орун басары Аида Касымалиева бүгүн, 17 – февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

"Депутаттардын саны 90 деп сунушталып жатат.  Мен буга макул болбос элем. Себеби, бул калыстыкты камсыздоодо кыйла кыйынчылык жаратат", - деди вице – спикер.

Эл аралык коомчулукта мамлекеттик түзүлүш парламенттик формада болгондо колдоого алган уюмдар бар эле. Алар дагы азыр алдыдагы кызматташуу кандай багытта өнүгө тургандыгына байкоочу катары карап жатышат, - деген А.Касымалиева, - “Ошол эле мезгилде Конституциянын жаңы редакциясында социалдык секторго, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин категориясына каралган шарттар жакшы болгондугун - жакшы артыкчылык”, - деп белгилеп кетти.  

Депутат А.Сулайманов менен бирге демилгеленип жаткан мыйзам долбоору тууралуу да маалымат берген парламентарий айым, - “Парламенттик шайлоодо партиялык тизмеге келгенде ар бир шайлоочу ошол тизмедеги ар бир өкүлгө карата жеке пикирине таянып, добуш бере алат. Аны переференциалдык шартта шайлоо ыкмасы, - деп коёт”, - деп тактай кетти.

Мыйзам чыгаруу мүмкүнчүлүгүнүн ар тараптуу  болуп кеткендигине да депутат макул болбой турган позициясын билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2227

Окшош жаңылыктар