Жогорку Кеңеште  “Биримдик! Агартуу! Жаратмандык!” жаштар форуму өттү

19-02-2021 13:30

Бүгүн, 19-февралда  Жогорку Кеңеште  жаштардын  мыйзам чыгаруучулук демилгелерине арналган “Биримдик!  Агартуу! Жаратмандык!” жаштар форуму өттү.

 Иш-чарага  парламенттин депутаттары, министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле  республиканын  башкы  жогорку окуу жайларынын  студенттери катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укуктук маселелер   жана  Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү  Айнуру Алтыбаеванын айтымында, форумдун максаты  кыргыз коомундагы  социалдык-экономикалык, агартуу, эл аралык проблемаларды талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө болуп саналат.

Депутат Айсулуу Мамашева  жаштарды  алдыга бийик максаттарды коюп, инсандык жана  кесиптик жактан өсүү үчүн  дайыма аракеттенүүгө чакырды.

Өз кезегинде  жаштардын өкүлдөрү  жаштарды интеллектуалдык жактан өнүктүрүү, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы  күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, агартуу жана жаратмандык жолу менен  эл аралык мамилелерди чыңдоо сыяктуу   актуалдуу темадагы докладдарды жасашып, мектеп окуучуларынын билим алууга умтулуусун  стумулдаштыруунун зарылдыгын,  онлайн-окутуу  билим берүүнүн жалпы деңгээлинин төмөндөөсүнө алып келгенин белгилешти.

Форумдун  атайын чакырылган коногу, география илиминин кандататы  Кайрат Молдошев   Кыргызстан үчүн  экология жана экономика проблемалары  болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин  билдирди. ”Өнүгүүнүн өзөгүн  жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу түзүүгө тийиш, анткени, биз  жаратылыш ресурстарына көз карандыбыз, албетте,  бүт аймактарды  парктарга жана  коруктарга айландыруу мүмкүн эмес, бирок, курчап турган чөйрөнү этияттык менен,  сарамжалдуу пайдаланууга болот”, -деди ал.

Жаштар форуму  ректорлорго, студенттерге сертификаттарды, ыраазычылык каттарын тапшыруу жана  Резолюция  кабыл алуу менен аяктады.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3668

Окшош жаңылыктар