Согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына каржылык колдоо көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү

22-02-2021 11:19

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Н.Никитенко менен А.Шыкмаматов.

Демилгечилердин бири Наталья Никитенконун айтымында, акыркы учурларда Улуу Ата мекендик согушта дареги дайынсыз болгон жоокерлердин мүрзөсү табылууда. Алардын айрым жакындарынын ал жерге барып таазим келүүгө чамасы чакталуу. «Ошондон улам, мамлекет тарабынан согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына каржылык жардам берилүүгө тийиш. Өкмөт жылыга белгилүү бир өлчөмдө каражат карап турса, бул маселе чечилмек», - деди ал.

Депутат Сайдулла Нышанов Улуу Ата мекендик согушта курман болгон бир дагы мекендешибиз унутта калбоого тийиш экенин баса белгиледи. «Бул мыйзам долбоорунун кийинки муундар үчүн таалим-тарбиялык ролу да зор. Анчалык деле көп каражат кетпейт. Өкмөт кошумча каржы булагын табышы керек», - деп кошумчалады депутат.

Белгилей кетсек, ушу тапта Улуу Ата мекендик согушка аттанган 56 миӊден ашуун мекендештерибиздин дайыны белгисиз. Азыр алардын айрымдарынын мүрзөсү табылууда. Буга чейин депутаттар тобу тарабынан ушуга үндөш мыйзам долбоорлору сунуш кылынганына карабастан, өкмөт өкүлдөрү тарабынан колдоо таппай келген.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2026

Окшош жаңылыктар