“КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

24-02-2021 10:30

Бүгүн, 24-февралда  Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Сурабалдиева Э.Ж., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Байбакпаев Э.Дж., Жээнбеков А.Ш.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары  Абдывахап  Нурбаев берди.

Мыйзам долбоору  КР  мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнүн  аскер кызматын өтөө шарттарын  жакшыртуу максатында иштелип чыккан. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин  3-бөлүгүнүн аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнүн  аскер кызматын өтөө шарттарын  жакшыртуу боюнча бөлүмүнө, атап айтканда, 5 жылдан  көп эмес мезгил  ишке орношууга мүмкүнчүлүк болбогон жерлерде пенсия чегерүү үчүн  КР мамлекеттик чек ара кызматынын  чек ара заставларында жана чек ара бөлүмдөрүндө  аскер жубайы менен  кошо  контракттык негизде кызмат өтөгөн  жубайлардын чогуу жашаган мезгилин эсептөөнү караган өзгөртүүнү киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1079

Окшош жаңылыктар