“2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБдин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралды

24-02-2021 10:31

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу 2015-жылдын 8-майындагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев берди.

Протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына  айрым товардык позицияларды ЕАЭБдин бюджетине  бажы төлөмдөрүн төлөбөй  алып кирүү  үчүн  жеңилдетилген  мезгилдин мөөнөтүн  узартуу сунушталууда. Бул өлкөнүн  экономикасынын айрым секторлоруна  үчүнчү өлкөлөрдөн  Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн  товарларды (агроазык-түлүк секторунун товарларын, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорудан, отоо чөптөрдөн   коргоо каражаттарын, айыл чарба техникаларын, дары-дармектерди, ветеринардык дарыларды жана ири ишканалар үчүн комплектилөөчү  материалдарды) нөлдүк, же төмөндөтүлгөн ставкалар менен алып келүүгө  мүмкүндүк берет. Жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтү  бир жылга узартылат.

Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1343

Окшош жаңылыктар