Дипломатиялык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы Макулдашуу каралды

24-02-2021 10:36

Бүгүн, 24- февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун карашты.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев белгилегендей,  мыйзам долбоору Макулдашуу күчүнө кирсин үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик процедураларды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Талкуунун жыйынтыгында  мыйзам долбоору үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1414

Окшош жаңылыктар