Жазага тартылгандарды өткөрүп берүү жөнүндө КМШга катышуучу-мамлекеттердин конвенциясы каралды

24-02-2021 10:58

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңеште “2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Конвенция Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткаруучуларды өткөрүп берүү жана башка мамлекеттин жаранына карата бир өлкөнун соту (Жазаны дайындаган мамлекет) тарабынан дайындалган  кылмыштык-укуктук мүнөздөгү  чараларды колдонуу жөнүндө мамилелерин жөнгө салат.

Талкуудан соң мыйзам долбоору  экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1384

Окшош жаңылыктар