Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы келишимге ылайык мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

24-02-2021 11:09

Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам боюнча баяндама жасаган башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы укуктук базаны түзүү жана эл аралык мамилени кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Корея Республикасынын Адилет министрлиги соттолгон адамдарды өткөрүп берүү багытындагы үч эл аралык келишимди иштеп чыкканын билдирди.

"Ага ылайык, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда" - деди Турусбек Ишеналиев.  Жыйында белгилүү болгондой, азыркы учурда Кореяда алты миңден ашуун кыргызстандык жашайт.

Талкуу маалында депутат Эрмамат Тагаевдин "Сирия мамлекети менен ушундай келишим барбы?" - деген суроосуна башкы прокурордун орун басары "Жок" деп жооп берди.

"Коңшу өлкөлөр Сириядагы жарандарын алып келип жатат. Бизде бир жылыш жок. Мен аталган маселени көптөн бери көтөрүп келем", - деди Эрмамат Тагаев.   

Ал эми депутат Бакирдин Субанбеков Кореяда жашаган кыргызстандыктардын арасында соттолгондордун санына кызыкты.

Өз кезегинде Турусбек Ишеналиев: "Азыркы тапта 2 кыргызстандык жазасын өтөөдө. Андан тышкары, буга чейин бир жаран жазасын өтөп, чыгарылган", - деди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1410

Окшош жаңылыктар