Эл аралык каттамдарга тиешелүү макулдашууга Кыргызстандын кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоору талкууланды

24-02-2021 11:45

Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Талант Солтобаев аталган макулдашуу Бириккен улуттар уюмунун Ички транспорт комитети тарабынан жол коопсуздугун жакшыртуу жана айдоочулардын эмгек жана эс алууга байланышкан жалпы эрежелерин сактоо багытында иштелип чыкканын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаев эл аралык каттамда иш алып барган айдоочулар уруксат алууда бюрократиялык жагдайларга кептелип, ала албай жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Талант Солтобаев бул жаатта кемчиликтер бар экенин билдирип, уруксат берүү чараларын электрондоштуруу багытында тиешелүү жумуштар жасалып жатканын кошумчалады. "Кээде уруксат кагаздары жетпей калган учурлар болууда" - деди министрликтин өкүлү.

Ал эми депутат Аалы Карашевдин "Аталган макулдашуу жөнөкөй айдоочулар үчүн кандай пайда келтирет?" - деген суроосуна Талант Солтобаев "Макулдашуу коопсуздукка багытталган", - деп жооп берди.  

"50 жыл мурун кабыл алынган келишимге, биздин азыр кирип жатканыбыз максатка ылайыксыздай көрүнүүдө. Анткени, мурда кандай иштеп жүрсөк, ошондой эле иштей бергенибиз туура болчудай. Маалымат так берилбей жатат", - деди Аалы Карашев. Ушундай эле пикирди депутат Бактыбек Турусбеков да билдирди.

Буга улай депутат Тынчтыкбек Конушбаев: "Коопсуздукту сактоо максаты туура, бирок айдоочулар үчүн кандай шарттар түзүлөт?" - деди.

Талант Солтобаев эки жыл аралыгында тиешелүү шарттар жасаларын билдирди.  

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 672

Окшош жаңылыктар