ЕАЭБге Армениянын кошулуусуна байланыштуу тиешелүү келишимдерге өзгөртүүлөр киргизилүүдө

24-02-2021 11:56

Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев аталган протокол аркылуу Арменияга үчүнчү өлкөлөрдөн келген кирген айрым товарларга жеңилдик берилип жатканын билдирди.  

Талкуу маалында депутат Алмазбек Токторов "Протокол кабыл алынса Кыргызстанга кандай таасир этет?" - деген суроо берди.

Өз кезегинде Бекболот Алиев олуттуу таасири жок экенин белгиледи.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 732

Окшош жаңылыктар