Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилди

24-02-2021 12:35

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Биринчи окууда:

-  “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.20дагы № 615 токтом);

-  “1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.20дагы № 642 токтом);

-  “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.11.20дагы № 575 токтом).

 

Экинчи окууда:

-  “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.10.20дагы № 511 токтом);

-  “2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.20дагы № 593 токтом).

 

Үчүнчү окууда:

-  “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Сурабалдиева Э.Ж., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Байбакпаев Э.Дж., Жээнбеков А.Ш.);

-  “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу 2015-жылдын 8-майындагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.07.20дагы № 404 токтом);

-  “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.09.20дагы № 485 токтом).

 

Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоору:

-  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

-  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын сунушунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугун сактоо жана алардын экологияга тийгизген таасирин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

-  “Кумтөр” алтын кенинин  иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1657

Окшош жаңылыктар