“Ар түрдүү маселелер” саатында онкологиялык бейтаптардын көйгөйү, тендерлердин мыйзамдуулугу, коммуналдык төлөмдөрдүн кымбаттыгы сындуу маселелер көтөрүлдү

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү бир катар социалдык-экономикалык маселелерди Өкмөткө табыштады.

Онкологиялык оорулар менен ооругандардын көйгөйүнө депутат Айсулуу Мамашева токтолду. Ал бул көйгөйдүн чечилишине кадрлардын чет өлкөлөргө кетип жатышы, жабдуулардын эскилиги жеткендиги, Онкологиялык борбордогу жетекчилик кызматтын талашка түшүүсү кедергисин тийгизип келе жатканын тизмектеп, Саламаттыкты сактоо министрлиги мына ушул көйгөй менен күрөшүүсү керектигин баса белгиледи.

Бишкек - Кара-Балта авто жолун реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн тендерде көп каражат сарптоону көрсөткөн компания утуп жатканын маалымдаган депутат Дастан Жумабеков өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун карап көрүүнү Өкмөткө сунуштады. Мындай маселени улаган депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзамсыз өткөрүлгөн тендерлер боюнча министрлердин орун басарларына чейин кызматтан алынып жаткандыгын айтып, мындай коррупциялык көрүнүштөрдү ким жасап жатат деген суроону койду. Ошону менен катар Ош-Исфана жолундагы асфальт төшөлгөн Ноокат участогунун 3 жери чөгүп кеткен фактыны айтып, анын куруучуларын сынга алды.

Кытайдын “Чайна-роад” компаниясы куруп жаткан “Түндүк-түштүк” алтернативдүү жолунун Жумгал районундагы участогундагы жол суу тарапка кеңейтилип салынып жатат. Жолду тоо жагына кеңейтүү мүмкүнчүлүгү дагы бар. Эми суу жакка кеңейтүү менен эмитен эле жол ортосунан суу чыгып жатат. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов маселе көтөрдү.

Бишкек шаарындагы турак жайларга коммуналдык төлөмдөрдүн кымбат болуп жаткандыгын депутат Зиядин Жамалдинов белгиледи. Депутат өз эсептөөлөрүн келтирип, 3-4 бөлмөлүү батирлер айына 10 миң сомдой коммуналдык төлөм төлөп жаткандыгын мисалга тартты. Ошол эле маалда баардык төлөмдөрдү төлөп келишсе дагы суу түтүктөрү иштен чыккан же жарылган учурларда тиешелүү мекемелер эмес, жарандар өз каражаттарына алмаштырып жаткандыгын кошумчалады.

Депутат Кенжебек Бокоев жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан 996 кытай жаранына шаарга убактылуу турууга уруксаат берилди деген маалыматтын чын-бышыгы аныкталышы керектигин аткаруу бийлигинин астына койду. Мындан сырткары, депутат электр жарыгы үчүн төлөм төлөөдө 700 кВатт деген лимитти алып салуу, айыл өкмөттөрүндөгү спорт кызматкерлеринен мамлекеттик кызматкер макамынын алынып салынышынын туура эместигин тизмектеди.

Кыргызстандагы Эл аралык медициналык институт абитуриент кабыл алууда кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын сүрөттөрүн пайдаланып жарнактарын интернет аркылуу жарыялап жаткандыгын депутат Садык Шер-Нияз билдирди. Депутаттын маалыматы боюнча, Эл аралык медициналык институттун уюштуруучусу Нургалы Асаналиев шылуундук менен издөөдө жүрөт.

Ат-Башы районундагы малчылар Ак-Сай, Арпаны жайлаш үчүн Кында, Торугарт чек ара заставаларынан өтүп келишкен. Эми заставалардан өтүш үчүн Чек ара кызматы, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана башка мекмелерден уруксат алып, мөөр бастырып келиши керек экен. Мындай маалыматты ортого салган депутат Алтынбек Жунус уулу элге болгон мындай убаракерчиликти четтетүү керектигин аткаруу бийлигине багыштады.

Спорт сарай куруу боюнча Өкмөттө кандай иштер жүрүп жаткандыгын кызыккан депутат Таалайбек Масабиров Рио шаарында (Бразилияда) өтүүчү олимпиадага лицензия алган кыргыз спортчуларына ак жол каалап, бата берип койсок деген пикирин ортого салды.

“Кумтөр” кенин иштеткен компаниянын коррупциялык иштерине кыргыз бийлик өкүлдөрү катышкандыгы боюнча аталган компаниянын мурдагы жетекчиси Лен Хаменюктун катына депутат Рыскелди Момбеков токтолду. Ал кылым аферасына айланган бул көйгөйдүн чечилишине парламент салым кошуп, кылмыш мөөнөтүнүн эскириши боюнча мыйзамды карап берели деген сунуш менен чыкты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар