Төрага Талант Мамытов БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Наталья Германды кабыл алды

31-03-2021 16:24

Бүгүн, 31-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын Атайын өкүлү, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Германды кабыл алды.   

Ошондой эле жолугушууга БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Ожиело Озонния, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков менен парламенттеги айым депутаттарынын форумунун төрайымы, депутат Гүлшат Асылбаева катышты.

Тараптар Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун кызматташтыгын кеңири талкуулап, 2021-жылдагы шайлоолорго жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга тиешелүү маселелер боюнча да пикир алмашты.  

Төрага Талант Мамытов жакында өтүүчү ири саясий окуялар тууралуу маалымат берип, айрыкча 11-апрелде боло турган референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан даярдыкка токтолду.  Буга байланыштуу Төрага добуш берүү жараяндарынын ачык-айкындуулугун камсыздоо багытында улуттук жана эл аралык уюмдардын, анын ичинен БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да байкоочу катары чакырылганын кошумчалады.     

Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Наталья Герман боло турган шайлоо жараяндары калктын бардык катмарынын катышуусунда таза жана ачык-айкын өтөөрүнө ишеним артаарын билдирди. Андан сырткары, Кыргызстанда алгач ирет жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квотанын киргизилишин канаттануу менен белгилеп, буга ылайык, айылдарда айым депутаттардын саны артаары күтүлүп жатканын жүйө келтирди.

Муну менен катар жолугушууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору кабыл алынса мыйзамдарды ага шайкеш келтирүү маселелери боюнча сөз болду. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Наталья Герман белгилегендей, Жогорку Кеңештин алдында мыйзамдык базаны инвентаризациялоо боюнча чоң иштер турат. Андыктан, ал 11-апрелден кийин демократияны өнүктүрүү жана адам укугун коргоо багытындагы мыйзамдык базаны инвентаризациялоого эксперттик жана техникалык алкакта жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуу соңунда Төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасы демократияны өнүктүрүү жана адам укугун коргоо багытындагы иштерин уланта берерин белгилеп, андан тышкары бардык эл аралык милдеттемелерин аткарарын кошумчалады.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3356

Окшош жаңылыктар