Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

03-04-2021 13:28

Бүгүн, 3-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Парламенттик делегацияны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Белгилей кетсек, 3-5-апрель күндөрү боло турган сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт. Ошондой эле меймандар Ысык-Көл облусуна да барып, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2842

Окшош жаңылыктар