Тармактык комитетте Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулду

05-04-2021 15:36

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулду.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, короновирус дарты жайылып жаткан шартта, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын өз өлкөсүнө кайтып келүүсүнө, аларды дарыланууга жайгаштыруу, тийиштүү дары-дармектер менен камсыз кылуу жаатында жакындан жардам көрсөттү. «Мисалы, 2020-жылдын февраль-сентябрь аралыгында 67 өлкөдөн 55 миӊден ашуун адам алынып келинди», - деди ал.

Ошондой эле министрлик медициналык мекемелерди керектүү дары-дармектер жана атайын медициналык жабдуулар менен жабдуу, тышкы карыздарды кайра түзүмдөштүрүү боюнча да такай сүйлөшүүлөрдү ырааттуу жүргүзүп келатканы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындоого, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу суроолорун берди. Андан тышкары, депутат министрликке байыркы орхон-енисей жазуусун, кыргыздардын байыркы календарын, 751-жылкы Талас согушу өткөн жерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча аракеттерди жасоо сунушун берди.

Ал эми депутат Закир Шарапов Россиянын аймагына барган жарандарды «кара тизмеден» чыгаруу, Россия аймагына баруу «негиздерин» алып салуу, чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан эмгек мигранттарынын укугун коргоо маселелерин козгоду.

Тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов министрден эл аралык каржы донорлорунан пандемияны токтотууга байланыштуу алынган 346 млн доллар өлчөмүндөгү каражаттын жумшалуусунун чоо-жайын тактап: «Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан алынган 100 млн доллар жанагы 346 млн доллар каражаттын ичине киреби же кирбейби?», - деген собол салды. Министр Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан алына турган каражат азырынча түшө электигин билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын АКШдагы, Туркиядагы, Тажикстандагы элчилери менен элчиликтеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселе көтөрсө, депутат Умбеталы Кыдыралиев министрдин көӊүлүн Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарын азыртан аныктап алуу, кыргыз-тажик чегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды тездетип чечүү маселелерине бурду.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2283

Окшош жаңылыктар