Кореянын парламентинин Төрагасы Пак Бён Соктун Кыргызстандагы иш сапары аяктады

06-04-2021 11:50

3-5-апрель күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Сокту "Манас" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов узатты.
Тараптар расмий иш сапардын алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга, анын  ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн белгилешип, мындан ары да жигердүү байланышта болуу тууралуу баарлашты. 
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 843

Окшош жаңылыктар