Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов 2010-жылдагы Апрель окуясынын курмандыктарын эскерди

07-04-2021 12:49

Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков Элдик апрель революциясынын күнүнө карата уюштурулган эскерүү иш-чараларына катышты.

Алгач "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы Улуу үркүндүн, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарына, ошондой эле 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын баатырларына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып тургузулган эстеликтерге гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду.  

Андан соң борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналып тургузулган монументке да гүл коюлду.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1433

Окшош жаңылыктар