Кыргызстандын өнөр жай коопсуздугу боюнча мыйзам жоболору ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарына шайкеш келтирилет

Жогорку Кеӊеште улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына караганда, Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргенден тарта улуттук мыйзамда каралган өнөр жай коопсуздугу боюнча чараларды мүчө-мамлекеттердин мыйзам жоболоруна шайкеш келтирилүүгө тийиш.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан берилген сунуштардын баары талданып чыгып, алгылыктуулары эске алынды. Ал мыйзам долбоору парламенттин үч тармактык комитетинен өткөнү кошумчалады.

Белгилей кетсек, өкмөт өкүлүнүн айтымында, иштеп жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен эле чектелсе деле болмок, бирок ал азыркы талаптарга жооп бербей калгандыктан, жаӊы мыйзам долбоорун даярдоо зарылдыгы келик чыккан.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы