Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

21-04-2021
12:50

Бүгүн, 21-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында 2021-жылдын 8-15-21-апрель күндөрү каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди.  Жыйынтыгында бир катар мыйзам жана токтом долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

-  “Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турусбеков Б.С., Джумабеков Д.А.);

-  “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.02.21деги № 42 токтом);

-  “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.21деги № 75 токтом);

-  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.03.21деги № 114 токтом);

-  “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Никитенко Н.В.).

Экинчи окууда:

-  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Ормонов У.З.);

-  “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Осмонова А.Ш., Карашев А.А., Аскарова А.А., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Алимбеков Н.К., Каримов Н.Т., Момбеков Р.Ч.);

-  “Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.01.20дагы № 44 токтом);

-  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Касымалиева А.К., Масабиров Т.А.).

Үчүнчү окууда:

-  “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Ибраев С.К.);

-  “Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

-  “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.11.20дагы № 575 токтом);

-  “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.20дагы № 615 токтом);

-  “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Тиллаев Т.Г., Турсунбаев А.А., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А.);

-  “Баалоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.);

-  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.);

-  “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.02.20дагы № 84 токтом);

-  “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Мамашова А.Т.);

-  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.01.21деги № 6 токтом);

-  “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.18деги № 543 токтом).

Токтом долбоорлору:

-  “Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4366-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Рыспаев К.Дж., Турускулов Ж.К., Турусбеков Б.С., Эсенаманов З.С., Маматалиев М.А.);

-  “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 03.02.20дагы № 49 токтом);

- “2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы