Качкындардын жапырт кирген жайгдайларын эске алуу менен качкындар менен иштөө тартиби жөнүндө жобого түзөтүүлөр киргизилүүдө

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков аталган маселе боюнча баяндама жасады.

Мыйзам долбоору “качкындар деп таануу жөнүндө өтүнүч кылган адамдардын шашылыш жапырт келиши” жөнүндө түшүнүгүн киргизүү жана качкындар менен иштөө тартибин, алардын келүү орундарын жана аларды кармоо шарттарын аныктоо боюнча КР Өкмөтүнүн укуктук мыйзам чыгаруусун шарттоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасындагы качкындар менен иштөө жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Тагыраак айтканда, качкындардын келүү жайлары жана аларды кармоо шарттары боюнча, ошондой эле качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч билдирген Кыргыз Республикасынын аймагына шашылыш жапырт келген адамдардын жана ушул учурда мамлекеттик органдардын иштөө тартиби боюнча ченемдери жободо каралуусу мерчемделет.

2-окуудагы талкууда депутат Экмат Байбакпаев качкындардын жапырт келишинде аларга каржылануучу каражат булагына кызыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлүнүн айтымында, аталган жагдайга ар жылы республикалык бюджеттен каражат каралаарын, мындан сырткары, эл аралык уюмдардан, БУУдан каражат бөлүнө тургандыгын билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар