Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытов Казан шаарындагы окуучулардын трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

12-05-2021
13:14

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге Казан шаарындагы гимназия окуучуларынын трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты.  

"Балдардын трагедиялуу өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Бул ар бир каза болгон баланын үй-бүлөсү үчүн чоң жоготуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын туугандарына жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бардык жарадарлардын тез арада сакайып кетишин тилейм" - деп айтылат телеграммада.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы