Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыӊдоого багытталган келишим каралды

16-06-2016 15:00

Жогорку Кеӊеште “Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

КР Өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, бул ратификациялык мыйзам долбоору КР Өкмөтү менен Кувейт Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду КР Өкмөтү тарабынан аткарууга багытталган. Макулдашуу эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө түрткү берип, түз инвестициялардын агымынын артышына өбөлгө түзөт.

Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен, алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, капитал салууга байланышкан тобокелчиликтер менен коркунучтарды азайтуу эки тараптуу макулдашуунун негизги максаты болуп саналат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2633

Окшош жаңылыктар