Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытов Арча-Бешик конушунда курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды

28-05-2021
11:38

Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушуна курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов бала бакчанын пайдубалы 1-июнь - Балдарды коргоо күнүн утурлай түптөлүп жатканы жагымдуу жаңылык экенин белгилеп: "Кайсы гана өлкө болбосун, кандай гана мамлекеттик түзүлүш болбосун анын өнүгүү деңгээли калкына, анын ичинде балдарга жасаган камкордугуна жараша бааланаары бышык. Анткени, балдар биздин эң башкы байлыгыбыз, адамзат келечегин аларсыз элестетүү мүмкүн эмес", - деди.

Ошондой эле 1992-жылы негизделген Арча-Бешик конушунда алгач ирет курула турган бала бакча өз убагында сапаттуу бүткөрүшү керектигине токтолгон Талант Мамытов: "Балдарга татыктуу таалим-тарбия берип, алардын жетиштүү билим алуусуна зарыл болгон бардык шарттарды түзүү учур талабы. Балдарга кам көрүү биздин мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Буйруса, ушул бала бакчадан өлкөбүздү өнүктүрө турган уул-кыздар чыгаарына терең ишенем",- деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, курула турган бала бакча 2022-жылы бүткөрүлөт. Курулушка 59 млн сомдой каражат жумшалып, 180 орундуу бала бакча ачылат. Азыркы тапта Арча-Бешик конушунда 35 миңден ашуун калк жашаса, алардын үч миңдейи мектепке чейинки курактагы балдар болуп эсептелет.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы