ЖАҢЫЛЫКТАР 02.11.16.

02-11-2016 08:44

Төрага Чыныбай Турсунбеков Синьхуа агенттигине интервью берип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелери боюнча ой бөлүштү. Саясий байланыштардын тынымсыз уланышы өз ара саясий ишенимдердин чыңдалышына жана соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине шарт түзөт. «Кытай Өкмөт башчысынын сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө жаңы дем-күч берип, кызматташтыктын артышына көмөк көрсөтөт. Ушуну менен бирге бул сапар жаңы инвестициялык долбоорлор боюнча келишимдерди түзүүгө жана азыркы учурда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт»,- дейт Төрага. Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын катышуусу менен ноябрь айынын башында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын Кеңеши өтөт. Муну менен катар анын Кыргызстандагы расмий иш сапары болот.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Абдуразаков Авазбек Ишенбаевичди Иран Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоого макулдук берди. Ал буга чейин Кыргызстандын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келген.

Бүгүн, 2-ноябрдагы  Жогорку Кеңештин жыйынында Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Аны  тармактык комитет кечээки олтурумунда жактырган. Анда депутаттар референдумга мыйзам долбоору же президент тарабынан кол коюлган мыйзам чыгарыларын такташты. Депутат  Чолпон Жакупова документтин аталышы менен ички маңызы бири-бирине дал келбей жатканын, аталышында мыйзам долбоору боюнча референдум өтөрү жазылып, ичинде мыйзам боюнча өтөрү белгиленип калганын айтты. КСДПнын депутаттары референдумга мыйзам долбоору чыгарыла тургандыгын түшүндүрүштү.

                                 СНХ.Ч.ЖАКУПОВА

                                 СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кечээки олтурумунда  “Токтогул ГЭСнын реабилитациясы - 3 фаза” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылык макулдашуу долбоорун жактырды. Бул келишим Токтогул ГЭСинин ишин дагы 30-40 жылга чейин созууга мүмкүнчүлүк берет. Өкмөттүн маалыматына караганда, өлкөдө өндүрүлгөн электр кубатынын 40 пайызы Токтогул ГЭСинин үлүшүнө туура келет. Аны калыбына келтирүү жумуштары биринчи жана экинчи фазалары Дүйнөлүк банктын каражатына жасалууда. Келишим шарттарына ылайык, эми Азия өнүктүрүү банкы анын акыркы фазасы үчүн 110 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын ичинде 50 млн доллар насыя каражаты, ал эми 60 млн доллар гранттык каражат болуп саналат.

ЖЭБнын кубаттуулугун жылуулукка эле эмес, электр энергиясын өндүрүүгө дагы колдонулуп жатканы бир топ татаалдыкты жаратууда. Мунун айынан мисалы, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн тургундары эптеген эле жылуулукту алып жатышат. Негизи азыркы ЖЭБдин кубаттуулугу болгону 8 км. радиустагы аймакка гана жылуулукту таратууга ылайыкталган. Бул ойлоно турган маселе,- дейт депутат Э.Байпакбаев.

                                     СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Кечээ, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Талас облусуна болгон көчмө жыйыны Кара-Бура районунда уланды.Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү аталган райондогу Ак-Башат айылынын А.Мадымаров атындагы мектептин авариялык абалын көрүп чыгышты. 2011-жылы колдонууга берилген бул мектептин полу менен шыбы ошол эле жылдын кыш мезгилинде көгөрүп баштаганын мектеп жетекчилиги маалымдашты. Ал эми аталган райондун Кара-Суу айылындагы М.Чалданбаев атындагы мектептин чатыры оңдоп-түзөөгө муктаж. Андан сырткары, бул мектептин жылытуу системасын жаңыртуу зарылчылыгы курч турат. Көк-Дөбө айылындагы 150 орунга ылайыкташтырылган мектептин курулушу Түркиядан келген гранттын эсебинен 2014-жылы башталып, 37% бүткөндөн кийин токтоп калган. Ал эми Кара-Буура районунун борбору болгон Кызыл-Адыр айылында эл өкүлдөрү төбөсү түшүп, отургучтарынын жетеп эскилиги жеткен “Семетей” кино театрынын кыйын абалына күбө болушту. Алдын ала эсептелген маалыматтар боюнча бул кинотеатрды оңдоп-түзөөгө 11 миллион сом каражат талап кылынат.

Депутат Максат Сабиров Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап, бул маселени тармактык комитеттин кароосуна алып чыкты. Анда эгер эки башка жашаган ата-эненин балдары ЖОЖдо келишимдик негизде окуй турган болсо аларга төлөнүүчү алимент 18-24 жашка чейин улантылат деп сунушталып жатат. Мында болгону академиялык тыныгуу учурунда гана алимент алынбайт. Калган учурда балдарга материалдык колдоо берүүгө милдеттүү тарап мыйзам алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек деген нормалар долбоордо камтылган.

Тоо-эчки, аркардын саны канча деген маселени тактаган депутат Дастан Жумабеков бюджетте каражат жок деп эле кол жайып олтурбай, кызыл китепке кирген жаныбарлардын санын азайтууга жол бербешибиз керек,- дейт тармактык комитеттин жыйынында. Ал эми карышкырларга каршы көрүлүп жаткан чараларга эл өкүлү алымсынбай тургандыгын билдирди.

                                      СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

                                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2 – ноябрда өлкө аймагында  жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй:20...25, Талас, Ош, Жалал-Абад:19...24, Баткен:18...23, Ысык-Көл:11...16, Нарын:12...17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын температурасы 23...25 градус болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 1296

Окшош жаңылыктар