Бүгүн, 24-июнда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жана Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кеңейтилген отуруму өтүүдө. Отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйынды Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун төрайымы Гүлшат Асылбаева ачып, кеңейтилген отурумдун күн тартибин тааныштырды.
Ошондой эле “Жарандык бирлик” коомдук уюмунун тең төрагасы, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин алдындагы мыйзамдарга баа берүү жана мониторинг жасоо боюнча жумушчу тобунун эскперттик мүчөсү Тимур Шайхутдинов “Аялдарды жана кыздарды зордук-зомбулуктан коргоо системасы боюнча тажрыйбалык ыкмалар жана сунуштамалар” аталышында доклад жасады. Дагы бир эскперттик мүчө Нуридин Нураков “Кыргыз Республикасынын гендердик зордук-зомбулукту жок кылууга байланышкан мыйзамдары боюнча негизги тенденциялар жана сунуштамалар” темасында баяндама кылды.
Отурум үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, аялдардын жана балдардын коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулоо менен уланууда.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы