Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат А.Токтомамбетов: “Медициналык жайга ылайыктуу”

28-06-2021
14:51

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик мүлк фондусунун кармагында турган Чолпон – Ата шаарындагы кезегинде “Мээрим” эл аралык кайрымдуулук фондусуна караштуу “Алтын - Балалык” жайынын имараты максаттуу пайдаланылса жакшы болмок. Азыркы пандемиянын маалында андай бош турган имараттар жаңы оорукана салганга караганда, багытын медициналык кызмат көрсөтүүгө буруп колдонулса кыйла натыйжалуу болмок, - дейт “Парламент” радиосуна курган маегинде ЖК депутаты Аманкул Токтомамбетов.

Депутаттын белгилешинче, Чолпон – Ата шаарындагы оорукана орундары деле тартыш. “Эгер ушул жогоруда аталган жай Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өтсө, ишке бир топ пайдасы тиймек. Сырттан келип жаткан чет мамлекеттик туристтер үчүн да медициналык туризмдин чегинде кызмат кылса, - деп сунуштоодомун”, - дейт эл өкүлү.

 

Жогорку Кеңештин Басма соз кызматы