Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кенештин депутаты Саматбек Ибраев: "Кыргызстан башка мамлекеттерден артта калып калбашы керек"

29-06-2021
17:01

Финансылык технологиялар жаатындагы жаңылыкты демилгелеп, 50дөй депутат сунуш көтөрүп жатат. Анын негизинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр кошумчаланууда. Маселенин маңызын түшүндүрүп, ЖК депутаты Саматбек Ибраев жана эксперт катары чакырылган экономика илимдеринин доктору, профессор, эл аралык Финтех уюмунун илимий жетекчиси Владимир Фролов “Парламент” радиосунда болушту.

Демилгенин башында турган эл өкүлүнүн айтымында, банк чөйрөсүндөгү корреспонденттик эсептин ачылышы заман талабындагы зарылчылык. “Бул нерсе Улуттук банктын жактыруусуна ээ болот, - десек азырынча бул багытта кайчы пикирлер жаралууда. Өкмөт да өзүнүн терс корутундусун берип жатат. Бирок, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10 – майдагы банк тармыгынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилегендей, финансы чөйрөсүндөгү жаңылыктар реформалык темп менен ыкчамдап жатканда Кыргызстан башка мамлекеттерден артта калып калбашы керек. Ошондуктан, финтех системасы негизделип жатат. Бул Кыргызстандын Орто Азиядагы экономикалык рычагын бекемдеп,  таасирдүү хаб ээсине айлануусуна берилген мүмкүнчүлүк. Ошону убагында коомчулук туура кабыл алып, түшүнө билүүсү керек. Убакыттан уттурбай, усулдук ишти илгерилетүү – элибиздин келечеги”, - дейт С. Ибраев.

Улуттук банк микронасыялоо компанияларын каттоого уруксаатты 3 күндө берип жатат. Бул жерде тобокелчиликтер бар. Ал эми Финтех компанияларды каттоого келгенде тоскоолдук жаратпай, 10 күн ичинде каттоого шарт түзүлгөнү жакшы. Эгер айрым бир кошумча тактоону талап кылган жагдайлар жаралса, дагы 5 күнгө чейинки убакыт бөлүнсө оңтойлуу болмок, - дейт парламентарий.

Уктурууга катышкан эксперт В.Фроловдун белгилешинче, финтехкомпаниялар юридикалык жактан катуу көзөмөлдөн өтүшөт. “Бул жагынан АКШнын тажрыйбасы бай. Сингапурдагы талаптар да катуу тартипке таянат. Эгерде ал жакта финансы жаатындагы жагымсыз жосундардын изи билинип калса, аягы өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы менен жыйынтыкталат. Ошондуктан, кылмыштуу каналдар аркылуу табылган арам акчалар финансылык операцияларга катыштырылбайт”, - дейт  экономика илимдеринин доктору.

Ошондой эле эл аралык FATF уюму кылмыштуу чөйрөдөн келген акча агымдарын аныктоонун методикасын иштеп чыгып, иликтөө ишин алып барат. Андыктан, финтех системасына салкын мамиле жасоо жарашпайт. Бул өтө кылдат иштелип чыккан чоң жоопкерчиликти өзүнө ала турган стратегиялык структура, - деп кошумчалады окумуштуу.

Финансылык технологиядагы блокчейн казыгы бекем ишенимди жаратат. Ал аркылуу бардык операциялар кынтыксыз жүрүп, коопсуздук сакталат. Транзакциялар жеңил аткарылат. Бул блокчейн жаңылыгы азыркы сунушталып жаткан мыйзамдагы өзгөчөлүктөрдүн бири, - деди В.Фролов. Ошондой эле жасалма интеллект тууралуу да түшүндүрмө берип, америкалык стандарттарга жооп берген патент ээлеринен күмөн саноого болбостугун кошумчалады ал.

Окумуштуу ошого эле улай,  чакан калкы бар Армения менен Кыргызстанды салыштырып, аталган мамлекеттердеги калктын капитал топтоо жагынан статисикалык айырмачылыктарына адистик анализ жүргүздү.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы