Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

30-06-2021
09:17

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында парламент курамын толуктап отурган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чыңгыз Макешов ант берет. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууга чыгат. “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Ратификациялык бир топ мыйзам долбоорлору күн тартибиндеги маселелерди толуктайт.

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында депутаттар  “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карашты. Талкууда депутат Экмат Байбакпаев  региондорду өнүктүрүү фондусунун каржаттарынын бөлүштүрүлүшү адилеттикке таянып жатабы? – деген суроону койду.

                             СНХ.ЭЭ.БАЙБАКПАЕВ

Депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алайда алтын казган кытай ишкерлери экологияны бузуп жаткандыгына көчмө жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду.

                              СНХ.А.БЕРДИЕВ

Электр чыгымдарын  көзөмөлдөө  борбору көз каранды эмес шартта иш алып барууга тийиш. Бул багытка кайрылган депутат Кожобек Рыспаев тармактык комитеттин кечээки отурумунда электр эсептегичтери коюлган соң  көзөмөлдөөчү адистердин функцияларын диспетчерлер гана колго алса, - деген сунушун берди.

                              СНХ.К.РЫСПАЕВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30 - июнда Нарын областынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас региондорунун тоолуу аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар жаашы ыктымал. Ал эми Чүй, Талас областтарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл кылаасында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+32…+37; Талас:+31…+36; Ош, Жалал – Абад, Баткен:+33…+38 градус ысыйт. Ысык-Көл:+24…+29; Нарын:+25…+30; бийик тоолуу райондордо 10…15 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30 – июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +35…+37 градус ысык болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  16 – июндагы жыйыны “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо менен башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...