Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы салыктык мамилелер жөнгө салынмакчы

16-06-2016 15:04

Жогорку Кеӊеште “2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган КР Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу, кирешеге жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы салыктык мамилелер жөнгө салынмакчы. Тактап айтсак, кош салык салуудан качуу, кирешеге жана капитал салыктары боюнча салык салуудан качууну болтурбоо чаралары макулдашылууда.

Белгилей кетсек, ушу тапта Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен, алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, капитал салууга байланышкан тобокелчиликтер менен коркунучтарды азайтуу максатын көздөгөн Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу Макулдашуу да ратификацияланууда. Андан сырткары, эки тараптуу визасыз катташуу чаралары да колго алынууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3041

Окшош жаңылыктар