Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Вице-спикер Аида Касымалиева: «Биздин уюмдун ишмердүүлүгү алынган сабактардын негизинде, диалогко мүчө өлкөлөрдүн алгылыктуу тажрыйбасын эске алуу менен өнүгүшү шарт»

30-06-2021
14:27

Глобалдык жана аймактык аянтчаларда, бирикмелерде аялдардын ролун жогорулатып, жаңжалдардын алдын-алуу жана тынчтыкты орнотуу багытында жигердүүлүгүн камсыздоого арналган “Борбор Азия лидер-айымдарынын диалогу” демилгесинин негизинде онлайн тегерек үстөл өттү.

Иш-чарага Борбор Азия лидер айымдарынын диалогуна мүчө-мамлекеттер: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, андан тышкары, Борбор Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын өкүлү Наталья Герман, Европа жана КМШ боюнча БУУнун өнүктүрүү программасынын Аймактык бюросунун башчысы Мирьяна Сполярич-Эггер, БУУнун алдындагы Ирландиянын жана Мексиканын туруктуу өкүлдөрү, “БУУ-аялдар” түзүмүнүн эксперттери жана бир катар эл аралык уюмдардын катчылыктарынын жетекчилери катышты. 

Талкуу маалында жаңжалдардын алдын-алуу жана тынчтыкты орнотуу маселелери боюнча глобалдык жана аймактык аянчалар менен бирикмелердеги лидер айымдардын тажрыйбалары тааныштырылып, “Аялдар, дүйнө жана коопсуздук” күн тартибинин алкагында гуманитардык аракеттерди камтыган макулдашуулар сыяктуу глобалдык демилгелерге жана бирикмелерге катышуунун келечеги сөз болду.  

Кыргызстан тараптан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, экологиялык коопсуздук өңдүү багыттардагы “Борбор Азия лидер-айымдарынын диалогунун” аракеттерин колдоо, жаңжалдарды алдын-алуу боюнча айым-медиаторлор тармагын түзүү сунуштарын беришти. Ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин күн тартиби боюнча аймактык план иштеп чыгып, “Борбор Азия лидер-айымдарынын диалогунун” жергиликтүү аянтчаларда гендердик теңчиликке жетишүү багытындагы таасирин күчөтүү тууралуу демилгелер айтылды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Төраганын алдындагы Аялдардын укугу жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча кеңештин төрайымы Аида Касымалиева бардык багыттарда аялдардын жигердүүлүгүн арттыруу маселелерине токтолуп: “Борбор Азия лидер-айымдарынын диалогунун” жемиштүү ишмердүүлүгү алынган сабактардын негизинде, диалогко мүчө өлкөлөрдүн алгылыктуу тажрыйбасын эске алуу менен өнүгүшү шарт. Биздин мамлекет жаңы лидер-айымдарды табуу, алардын тажрыйбасын элге жайылтуу жана саясий, социалдык, экономикалык багыттарда аялдардын укуктарын кеңейтүү жана мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында алгач ирет Кыргызстан аялдарынын Курултайын өткөрүүнү көздөп жатат”, – деди.  

Иш-чаранын соңунда биргелешкен кайрылуу кабыл алынып, анда аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө үчүн Борбор Азия аялдарынын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу маселелери баса белгиленди.

Эске салсак, “Борбор Азия лидер-айымдарынын диалогу” аймактагы аялдарды колдоо, алардын саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү ролун жогорулатуу максатында түзүлгөн. 2020-жылы 23-декабрда БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдик дипломатия Регионалдык борбору (UNRCCA) жана БУУнун өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ боюнча Аймактык бюросу уюштурган Борбор Азиядан келген лидер айымдардын жолугушуусунун алкагында расмий түрдө иштей баштаган. Диалогго Борбор Азиядагы беш өлкө - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан катышат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы