Аскер сотторун жоюу жана алардын бирдиктерин жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

02-11-2016 14:56

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Масалиев И.А., Кодуранова А.С., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Аттокуров Д.Б..

Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова баяндама жасады.

Мыйзам долбоору менен аскер сотторун жоюу жана республиканын аскердик сотунун судьялык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын иш менен өтө көбүрөөк жүктөлгөн жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү каралган, себеби аскердик соттун судьяларынын иш көлөмүнүн басымы өтө эле аз, эмгек акысы башка жергиликтүү соттун судьяларынын эмгек акысынан бир нече жолу жогору, ошондуктан аскердик сот системасынын болушу максатка ылайыктуу эмес деп берилет. Мыйзам долбоору менен ошондой эле аскердик соттордун аппаратынын кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин республиканын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын түзүлүштөрүнө өткөрүп берүү каралат.

Жыйын жүрүшүндө аскер сотторунун судьяларында секреттүүлүк үчүн кошумча акы маселеси көтөрүлүп, эгерде аскер соту жоюлуп, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү сотторго өткөрүлүп берилсе, секреттүүлүк үчүн кошумча акы маселесинде каржылык көйгөй чыкпайбы деген маселе такталды.

Жыйынтыгында аталган конституциялык мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогоруда аталган мыйзам долбоору менен бир пакеттеги “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Жарандык процесстик кодекске, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендер, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, “Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жана чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу” мыйзамдарга) 2-окууда дагы добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2758

Окшош жаңылыктар