Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Б.Нурдинов: “Мергенчилердин мээнетин адилет баалоо керек”

05-07-2021
11:08

Биздин мамлекетти агрардык өлкө, - деп мактанганыбыз менен, ошол эле айыл чарбасындагы негизги бир багыт болгон мал чарбачылыгына жетиштүү көңүл бура алдыкпы? Бул суроону талдап, ЖК депутаты Бейшеналы Нурдинов “Парламент” радиосунда болду.

Малдын башы түгөл болсун, - деп алардын тоют, жемин камдагандан тышкары, жырткычтардан коргоо да өзүнчө машакат. Акыркы мезгилде карышкыр, чөөлөр күч алып жатканда, алардан коргоонун кандай кадамдары жасалууда? Бул суроого жооп берген депутаттын айтымында, эл арасында карышкыр атып алгандарга 6 миң, чөөнү жок кылгандарга 2 миң сом сый акы берилчү. Азыр ушул сумманы жогорулатуу талабы коюлууда. Карышкыр аткандарга 10 миң, ал эми чөөндөн куткаргандарга 5-6 миң болсун, - деп сунушталууда.

Аркар, кулжалар көбөйгөндө, карышкырлар да капталдан чыгып, катарын көбөйтүүдө. Эгер жаратылыштагы жапайы жаныбарларды сактайлы, - десек тартипти тең орнотуу зарыл. Мисалы, аркар, кулжа атып алгандарга салына турган айып бери жагы 10 миң доллар. Ал эми аларга кол салган жырткычтарды атып алганың үчүн сый акы болуп – болбогон акча. Ошондуктан, айбаттуу жаныбарлардын жайыттарга жай баракат кирип келишине каршы турган мергенчилердин мээнетин адилет баалоо керек, - дейт депутат.

Маселе көтөрүп, тиешелүү токтом даярдоого жетишилгендигин айткан Б.Нурдинов, - “Эми ага ылайык, карышкыр аткандарга каралган сый акы 10 миң, чөөлөргө 5 миң, бөлтүрүктөргө 2,5 миң сом төлөнөт. Ал эми алардын териси баалуу, эти шыпаа болгондуктан, алар ошол мергенчинин менчигинде кала берет”, - деп маалымдады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы