Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү маселесин карашты

14-07-2021
11:01

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн Венгрия - Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук  боюнча комитеттин төрагасы  Тазабек Икрамовдун айтымында, мыйзам долбоору  комитеттин отурумунда каралган. Белгилей кетсек, фондунун уставдык капиталы 16 млн. АКШ долларын түзөт,  ал кийинчерээк 50 млн.долларга жетүүгө тийиш.

Фонд   инвестицияларды тартуучу жана  инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу аянтча болуп калмакчы. Директорлор кеңеши  5 кишиден турат, алардын  үчөө Кыргызстан, экөө Венгрия тараптан. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө  жөнөтүлдү.

Кеңешмеде ошондой эле “1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору экинчи окуудан каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы