ЖККУга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарына атайын техникаларды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашуу каралды

16-06-2016 15:07

Жогорку Кеӊеште Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протокол каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экинчи протоколго Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө мамлекеттеринин башчылары тарабынан Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган. Протоколдо Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө мамлекеттеринин куткаруу бөлүкчөлөрүнө атайын техникаларды жеңилдетилген сатып алуу механизмин түзүү чаралары каралган.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 717

Окшош жаңылыктар