Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 8-декабрында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

08-12-2021
10:00

8-декабрь саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Касымалиева А.К., Орозова К.Б.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

2. “Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Байбакпаев Э.Дж.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 199 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, чыг.№ 30-14575, 01.10.21) (Бюджет жана финансы боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

5. “Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, чыг.№ 30-14574, 01.10.21) (Бюджет жана финансы боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

6. “2022-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы