Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун биринчи, экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алды

29-07-2021
20:30

29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар   каралган мыйзам долбоолоруна добуш беришип,  анын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

Биринчи окуудан:

 -“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

- “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

-“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

 - “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Керезбеков К.К., Никитенко Н.В., Тиллаев Т.Г., Турускулов Ж.К., Примов У.Б., Молдобекова Г.С., Жеенчороев М.К., Рыспаев К.Дж., Урумкалиева Ч.Ч., Мамашова А.Т., Нурбаев А.М., Сыдыгалиев Н.Ө., Бекешев Д.Д., Аманова Б.К., Исмаилов У.Ч.

-“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.

- “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Иманалиев К.К., Бакиров Ө.М., Шарапов З.Э., Эсенаманов З.С., Кыдыралиев У.Т., Ибраев С.К., Тагаев Э.С., Момбеков Р.Ч., Арзыбаев Н.И.

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Урумкалиева Ч.Ч., Нурбаев А.М., Нурдинов Б., Рыспаев К.Дж., Бердиев А.Т., Атазов Ш.К., Касымалиева А.К., Омуркулов И.Ш., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Турдумамбетов О.Ж., Исмаилов У.Ч., Молдобекова Г.С., Жээнбеков А.Ш.

Үчүнчү  окуудан:

-“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 18.03.19дагы № 127 токтом.

 - “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Ормонов У.З., Конушбаев Т.К., Баймуратов К.Ш., Джураев С.М., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Тотонов Н.Т., Нурдинов Б., Атазов Ш.К., Осмонова А.Ш..

 - “Баткен облусуна статус берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 02.06.21деги чыг.№ 25-1192.

 -“Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Турдумамбетов О.Ж.

 -Балдар жөнүндө кодекстин долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Карамушкина И.Ю., Мамашова А.Т., Алтыбаева А.Т., Туманбаева Р.М., Жеенчороев М.К., Касымалиева А.К.

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына балдар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Карамушкина И.Ю., Мамашова А.Т., Алтыбаева А.Т., Туманбаева Р.М., Жеенчороев М.К., Касымалиева А.К.

- “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Карамушкина И.Ю., Мамашова А.Т., Алтыбаева А.Т., Туманбаева Р.М., Жеенчороев М.К., Касымалиева А.К.

-“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Карамушкина И.Ю., Мамашова А.Т., Алтыбаева А.Т., Туманбаева Р.М., Жеенчороев М.К., Касымалиева А.К.

- “Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Карамушкина И.Ю., Мамашова А.Т., Алтыбаева А.Т., Туманбаева Р.М., Жеенчороев М.К., Касымалиева А.К.

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жоруктар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Карамушкина И.Ю., Мамашова А.Т., Алтыбаева А.Т., Туманбаева Р.М., Жеенчороев М.К., Касымалиева А.К.

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Ормонов У.З.

-“Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш., Икрамов Т.И., Исмаилов У.Ч.

-“Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

- “2021-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

 -“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Токторов А.С., Алтыбаева А.Т., Алимбеков Н.К., Тиллаев Т.Г., Турускулов Ж.К., Торокулов Д.Г., Керезбеков К.К., Орозова К.Б., Мавлянова М.Э., Никитенко Н.В., Строкова Е.Г.

Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорлору:

-“Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин, анын айлана-чѳйрѳгѳ тийгизген таасирин жана тоо-кен ѳнѳр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтѳѳ боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жѳнүндѳ” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

-“2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы