Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Махабат Мавлянова: “Эгерде мамлекеттик компаниялар  өнүксүн десек, анда,  жакшы инвесторлорго берүү  жагын караштырышыбыз керек”

19-08-2021
16:14

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрайымы Махабат Мавлянова парламент телевидениесине комиттетин ишмердүүлүгү, аткарылган иштер жана коротулган чыгымдар тууралуу маек берди.

Махабат Мавлянованын айтымында, аталган комитетте  14 мүчө бар. Жол боюнча Кыргызстанда 30 миң чакырым жол болсо, анын 18 миңин  республикалык маанидеги жолдор түзөт. Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор аркылуу ишке ашып жаткан жолдор - булар 657 чакырым. Ош- Бишкек жолунун   570 чакырымына  реконструкция  иштери бүтүп, Бишкек- Кара-Балта жана Жалал-Абад- Маданият жолдорунда оңдоп- түзөө иштери жүрүп жатат.   Андан сырткары,  Бишкек -Таласка чейинки жолдор кайра калыбына келтирилип бүткөн, ал эми Казакстандын чек арасына чейинки жолдордун курулуш иштери башталууда. 

Жалпысынан, Кыргызстандагы жалпы жолдорду  оңдоп- түзөөгө 2 миллиард доллардын тегерегинде акча каражат жумшалган.  Ош -Бишкек жолунун ар бир  чакырымына  коротулган каражат 2 млн. 200 миң долларды чапчыйт, ал эми реконструкциялоого бир  жарым млнго чейин сарпталууда. “Биз канчалык инвестиция тартып, жолдорду  ондоп- түзөсөк,  экономика өнүгүп, элдин турмуш –шарты жакшырып,  туризм өнүгөт”-деди Мавлянова    

Учурда Түндүк-Түштүк  альтернативалык жолунун  433 чакырымы   ондолуп, түзөлүп жатат. Аны менен катар  4 чакырымга созулган 2  эстакадалык көпүрө жана 3,8 чакырым тоннель курулууда.  Бирок, тоннелдин 300 миң метрин  казылуу жана бетондоо иштери  кечигип жатат. Анын себебин эл өкүлү кошумча пайда болгон көйгөйлөр менен байланыштырды. 

“Ал эми авиация  тармагына токтоло турган болсок, бул жагынан  биз артта калуудабыз. Мунун себеби  атандаштык күчөп, жеке компаниялар кире баштаган  кезде кошумча өнүгүүгө  акча каражаты бөлүнбөй калгандыгы менен байланыштуу. Эгерде мамлекеттик компания  өнүксүн десек, анда,  жакшы инвесторлорго берүү  жагын караштырышыбыз керек. Эгерде сырттан инвестиция келбесе, анда, мамлекет өнүгүү үчүн көбүрөөк акча бөлүүгө туура келет”-деди М.Мавлянова. 

Жыйынтыгында комитеттин төрайымы  2019-жылы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында атайын ички жолдорго  500 млн сом   акча каражаты бөлүнүп, 40 район жана 20 шаарга 150 чакырым жол салынганын, жылына жолдорго 2 млрд бөлүнсө, быйыл коронавирус илдетине байланыштуу 600 миллионго  жакын гана акча каражаты бөлүнгөнүн билдирди 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы