Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин X сессиясынын расмий ачылышы өттү

01-09-2021
10:25

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин X сессиясы расмий ачылды.

Жыйында депутаттарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктаган Төрага Талант Мамытов: “Эгемендүүлүк улуу дөөлөт. Аны көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп кийинки урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, – деди.

Ошондой эле Төрага бүгүнкү күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, фракциялардын жана комитеттердин иштери башталарын билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы