Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат А.Бердиев: “Күйүүчү майдын наркын жаңы жылга чейин жогорулатпоо жолдору бар...”

08-09-2021
15:47

Бензин баасынын жогорулашын токтотуу үчүн чукул чара көрүп, негизги импортёр болгон Россиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. “Алына турган алдыдагы 50 миң тонна нефть продукцияларынын чийки затын бензинге айырбаштоо жагын караштырып көрсө, күйүүчү майдын баасын жок дегенде жаңы жылга чейин кымбаттатпай кармап турууга болот. Антпегенде, 2 – 3 сомго өсүп кетүү ыктымалдуулугу бар. Себеби, бул - Россиянын бажы алымдарын киргизип жаткандыгына байланыштуу”, - дейт Жогорку Кеңеш депутаты Аккулу Бердиев бүгүн, 8 – сентябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле эл өкүлү, - “Баткенде, Чоң – Алайда, Кочкор – Атада нефть запасы 72 млн. тоннага жетет”, - деп билдирди. Ошого эле улай, - “Мындай божомол Кыргызстандын ички муктаждыгы жылына 1 млн. тонна нефть материалдарына барабар болсо, дээрлик 72 жылга жете турган ички резерв, - деген сөз”, - деп түшүндүрдү А.Бердиев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы