Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна арналган карата коомдук угуулар өтөт

30-09-2021
09:25

Кыргыз Республикасында “жашыл” экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңеши  2021-жылдын 30-сентябрында саат 10:30да Жогорку Кеңештин жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Электр энергиясын үнөмдөө жөнүндө», «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна карата коомдук угууларды өткөрөт. 

Мамлекеттик каражаттарды кылдат пайдаланууну жана энергияны үнөмдөө потенциалын баалоону аныктоону шарттоочу энергоресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, аны ишке ашыруунун кыйла натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу, энергияны натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча уюштуруу, техникалык жана башка чараларды иштеп чыгуу жана негиздөө максатында, Кыргыз Республикасында “жашыл” экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коомдук кеңеши  тарабынан  «Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, анда («Электр энергиясын үнөмдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам долбоор коомдук талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына 2021-ж. 6-июлунда жайгаштырылган (http://kenesh.kg/ky/article/show/8256/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-6-iyulya-2021-goda-vinositsya-proekt-zakon-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-nekotorie-zakonodatelynie-akti-kirgizskoy-respubliki-v-sfere-energosberezheniya-v-zakoni-kirgizskoy-respubliki-ob-energosberezhenii-ob-energeticheskoy-effektivnosti-zdaniy.

Катышуучуларды каттоо үчүн байланыштар: т:63-88-30, моб.:0703907788, факс:638781, эл.адрес: atanbekovaa@mail.ru.